![]() |
Иним, жакында атамдын, андан кийин апамдын майрамы болот. Братик, скоро будет папин, затем мамин праздник. |
|
Ооба, эжеке, билемин. Да, сестра, знаю. |
![]() |
![]() |
Кел, анда мен атама белек даярдайын, сен болсо апама даярда. Тогда, давай я приготовлю подарок папе, а ты приготовь маме. |
|
Жакшы болот. Мен апама сүрөт тартып берем. Сизчи? Будет хорошо. Я нарисую маме картинку. А вы? |
![]() |
![]() |
Мен болсо атама кийизден көз айнек салгыч тигип берем. А я сошью папе из войлока футляр для очков. |
|
Кантип? Сиз тиккенди билбейсиз да. Как? Вы же шить не умеете. |
![]() |
![]() |
Мен билем. Бизди эмгек сабагында тиккенди үйрөтүштү. Я знаю. Нас на уроке труда научили шить. |
|
Ой, анда мага да кийизден калем салгыч керек. Ал кооз болот, көргөм. Ой, я тоже хочу пенал с войлока. Он получится красивым, я видел. |
![]() |
![]() |
Макул. Кандай түстө болушун каалайсыӊ? Хорошо. Какого цвета ты пожелаешь? |
|
Жашыл, эжеке. Зеленый, сестра. |
![]() |
![]() |
Макул, иним. Биринчи атама, андан кийин сага да тигип берем. Хорошо, братик. Сначало папе, потом и тебе сошью. |
|
Чоӊ ырахмат, эжеке! Спасибо большое, сестра! |
![]() |
![]() |
Эч нерсе эмес, иним! Не за что, братик! |